29-октябрдан тартып 4-ноябрга чейин Бишкек шаарынын аймагында Милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан 3999 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине аталган кызматтан билдиришти.
Алардын ичинен:
- Мас абалында унаа башкарган 61 айдоочу;
- Унаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылаткан 13 айдоочу;
- Айдоочулук кубөлүгү жок унаа башкарган 47 жаран;
- Жөө жүргүнчүлөр жана велосипедчендер катышкан жол эрежелерин бузуулардын 52 учуру;
- Башка жол эрежелерин бузуулар 3826 жолу катталган.
395 унаа ар кандай бузуулары үчүн убактылуу айып короо жайына токтотулган.