Бишкекте кумар оюндарын мыйзамсыз уюштурууга шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Бишкек шаарынын аймагында жарандын кумар оюндарын мыйзамсыз уюштуруу менен алектенгени аныкталган. Алынган маалыматтарга ылайык, ал оюндарды өткөрүү үчүн бир күндүк батирлерди ижарага алып, оюнга катышуучуларын чакырып, ар биринен 5 пайыз киреше алган.
Топтолгон материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 219-1-беренеси “Оюн-зоок ишин мыйзамсыз уюштуруу” боюнча кылмыш иши козголгон. Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин кызматкерлери тарабынан кумар оюндарынын жайгашкан орду жана аны уюштурууга тиешеси бар адамдар аныкталган. Ошондой эле, шектүү катары 3 жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.












