Бишкекте бир нече унааны өрттөгөн делип, 33 жаштагы жаран кармалды

Милиция кызматкерлери унааларды өрттөгөн делген шектүүнү кармашты. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 31-январда болжол менен саат 01:45 чамасында Бишкек ШИИБдин «102» кызматына Ахунбаев менен Абай көчөлөрүнүн кесилишинде унаа күйүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барган учурда, жабырлануучу анын Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаасын өрттөп кетишкенин айтып, арыз жазган.

Мындан тышкары, 31-январга караган түнү Бишкек шаарынын ар кайсы аймактарында турган дагы 6 унаа өрттөлгөн. Аталган фактылар Октябрь РИИБге Жазык кодексинин 216-беренеси менен катталып, кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип, 1989-жылы туулган жаран кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Анын дагы башка кылмыштарга тийиштиги бар же жогу аныкталып жатат. Тергөө уланууда.