Бишкекте өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектүү кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка караганда, милицияга жаран кайрылып, ижарага берүү шылтоосу менен ишенимге кирип, 17 Honda Fit үлгүсүндөгү унааны алып, сатып жиберип, из жашырган адамга чара көрүүнү суранган.
Бул факты Кылмыш жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү (өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чаралардын натыйжасында, 1999-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда сатылып кеткен унааларды кайсы жерлерде экенин аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда.