Бишкекте жасалма ID паспорт менен ижарага үй алып, аны башка жарандарга ижарага берип жүргөн шектүү кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти.
11-январь күнү милицияга жаран арыз менен кайрылган. Себеби арыз ээсинин жоготуп алган ID паспорту менен ижарага батир алып, аны башка жарандарга алдоо жолу менен ижарага берип, качып жүргөн жаранды таап мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренеси (документтерди жасалгалоо), 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иштери козголгон.
Шектүү катары 1988-жылы туулган Орусиянын жараны аныкталып, кармалды.