Бишкекте BMW X6 унаасынан эркек кишинин жансыз денеси табылды

Бишкекте BMW X6 үлгүсүндөгү унаадан эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын билдиришти.

Нөөмөт бөлүмүнө Москва көчөсүндө «Ак-Эмир» базаранын тушунда токтотулган унаадан 25-30 жаштагы белгисиз адамдын жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Ал жерге барган милиция кызматкерлери каза болгон адамдын 1993-жылы туулган жаран экендигин аныкташкан. Жансыз денени кароодо зордук-зомбулуктун белгилери байкалган эмес. Керектүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.