Бишкекте 20 жолу бычакталып каза болгон келиндин жолдошу 15 жылга эркинен ажыратылып, 1 миллион сом моралдык залал үчүн, 96 миң сом материалдык чыгым үчүн айып өндүрүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык соттун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 17-февралда Бишкектин Ленин райондук соту 27 жаштагы Айгерим Нурланбекованын өлүмүнө байланыштуу жолдошун күнөөлүү деп таап, ага карата мүлкүн конфискациялоосуз 15 жыл мөөнөткө эркиндигинен ажыраткан.
«Ага жазасын жалпы тартиптеги түзөтүү абактарында өтөсү белгиленди. Шектүүгө карата колдонулган камакта болуу түрү — өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин Жаза-аткаруу кызматынын №1-тергөө изоляторунда кармалсын деген чечим чыгарылды», — деп жазылат маалыматта.
2024-жылдын ноябрь айында Бишкекте 27 жаштагы Айгерим Нурланбекова 20 жолу бычак жеп, алган жаратынан каза болгон. Шектүү катары жолдошу кармалган.
Буга чейин шектүүнүн атасы каза болгонун кудасы, Айгеримдин атасы 5-февралдагы кызынын өлүмү боюнча каралып жаткан соттун биринчи отурумунан кийин журналисттерге айткан.