Бишкектеги Ак-Кула ат майданында чагылган атчан адамга түшүп, көз жумду. Маалыматты Ленин РИИБден тастыкташты.
Маалыматка караганда, кырсык кечээ, 12-июнда катталган. «Аталган факты каттоого алынды. Тергөөгө чейинки териштирүү иштери жүрүп жатат. Тиешелүү экспертизалар дайындалды. Күбөлөр суралып жатат»,- деп айтылат милициянын маалыматында.