Январь айында чала таанышынын ишенимине кирип, 70 миң сомду алып, качып кеткен кылмышка шектүү кармалды. Бул тууралуу 1-Май РИИБден билдиришти.
«24-январь күнү жаран чала таанышы «Илбирстин» жанында ишенимине кирип, 70 миң сомун алдап алып кеткендигин айтып арыз менен кайрылган. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 209-берене (алдамчылык) менен катталган. Иликтөөнүн жыйынтыгында кылмышка шектелип 2001-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда анын дагы башка кылмыштарга катыштыгы бар-жогу аныкталууда», — деп жазылат маалыматта.










