Бишкекте чет элдик жаранды тоноого шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, 23-январь күнү чет элдик жаран Свердлов РИИБге арыз менен кайрылган. Ал өз арызында батирине түнкү саат 03:00тө белгисиз үч адам кирип келип, анын 35 миң сом акча каражатын, телефондорун тартып алышканын билдирген. Шектүүлөр жабырлануучунун электрондук капчыгынан өз эсебине 14 миң сомду да котортуп кетишкен.
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, 23, 24 жана 28 жаштагы жарандар кармалган. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери улантылууда.











