Бишкекте тапанча менен коркуткан тополоңчу кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, 23-майда Карл Маркс менен Суванбердиев көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен айдоочулар жаңжалдашкан. Андан соң тараптардын бири чыр-чатактан улам ал 12 даана 10х28 калибрдеги октору жана 2 магазин менен жабдылган «Grand Power Т 12» маркасындагы травматикалык тапанчасын алып, катышуучуларды көздөй багыттап, өлтүрөм деп коркута баштаган.
Жаран кармалып жана тиешелүү тергөө иш-чараларын андан ары уюштуруу үчүн өткөрүлүп берилген. Аны текшерүү учурунда өзгөчө жыты бар ак түстөгү порошок салынган желим баштык табылган. Аталган кылмыш ишинин алкагында жогоруда аталган бөлүмдүн кызматкерлери менен биргеликте ыкчам издөө иштерин жүргүзүп, жыйынтыгында эки мылтык, бир жарым автоматтык ок атуучу курал жана аларга тиешелүү ок-дарылары табылып алынган.
24-майда шектүү кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.








