Бишкекте дагы эки бөбөк көп кабаттуу үйдөн кулап, каза болду
Бишкекте дагы эки бөбөк көп кабаттуу үйдөн кулап, каза болду. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 16-мартта Үмөталиев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринин 9-кабатынан болжол менен 4-5 жаштагы 2 бала кулап кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Милициядан экөө тең кырсык болгон жерде каза болгонун билдирди. Аталган факты каттоого алынып, териштирүү иштери башталган.
Бүгүн 7-кичи райондо 6-кабаттан 6 жаштагы кыз кулап, ооруканада көз" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/bishkekte-6-jashtagy-kyz-6-kabattan-kulap-oorukanada-koz-jumdu/">көз жумган.