Abank
SerepTV Logo

Бишкекте дайынсыз болуп жаткан аялдын жансыз денеси өз үйүнүн короосунда көмүлгөн абалда табылды

Бишкекте дайынсыз болуп жаткан аялдын жансыз денеси өз үйүнүн короосунда көмүлгөн абалда табылды
2024-жылдын 21-июнь күнү Свердлов РИИБге 1963-жылы туулган Полковникова Светлана Борисовнаны издөөгө көмөк көрсөтүү жөнүндө баласы арызы менен кайрылган. Аталган факты Бишкек шаарынын Свердлов РИИБине катталып, издөө иш-чаралары башталган. 13-август күнү Свердлов РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан издөө иш-чараларын жүрүшүндө Полковникова Светлана Борисовнанын дайынсыз жоголушуна тиешеси бар жана жарандык никеде турган 1979-жылы туулган жаран Свердлов РИИБдин Тергөө кызматына жеткирилген. Андан ары тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү жарандык никедеги аялын өлтүрүп, сөөгүн маркумдун үйүнүн короосуна көмүп койгондугун билдирген. Жогоруда көрсөтүлгөн факты боюнча тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Учурда кылмыштын чыныгы жагдайлары жана мотивдери аныкталып жатат. Мындан тышкары бардык тиешелүү экспертизалар дайындалып, анын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет.
data-instgrm-version="14">
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 
target="_blank" rel="noopener noreferrer">Публикация от УВД Свердловского района г.Бишкек (@uvd_sverdlovskyi)

Өзгөчө кырдаалдар министри сел жүргөн Баткенге барып, жеринде түзүлгөн кырдаал менен таанышты

02:38 04.05.2026

Касансай дарыясынын суусу көтөрүлүп, Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка жолу жабылды

09:44 04.05.2026

Минкаб башчысы Ош, Жалал-Абад жана Баткенде сел жүрүшүнө байланыштуу кырдаал боюнча кеңешме өткөрдү

10:03 04.05.2026

Мэрия Бишкекте түтүктөрдөгү авариялык жарылууларды жоюу тууралуу маалымдайт

03:02 04.05.2026

Селден жабыркаган региондордо санитардык-эпидемиологиялык кырдаал туруктуу

08:47 04.05.2026

Баткенде сел: Тургундар эвакуацияланып, өзгөчө кырдаал киргизилди

05:16 03.05.2026