«Аламүдүн» базарында мурунку күйөөсү кол салган делген аялдын абалы туруктуу. Бул тууралуу журналисттерге Улуттук хирургия борборунун башкы дарыгери Таалай Акматов билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө анын абалы орточо оор деп бааланууда.
- 17-июлда Бишкекте киши өлтүрүүгө аракет жасаганга шектүү жаран кармалган. Кармалган жаран келиндин мурдагы күйөөсү экени аныкталган. Текшерүү учурунда шектүү жаран келинге 16 жолу бычак сайганын тастыктаган.