Бишкекте депутат катышкан мушташ боюнча кармалган 2 шектүү камакта калтырылды

Бишкекте Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров катышкан мушташ боюнча кармалган 2 шектүү камакта калтырылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, алар кечээ, 15-мартта Свердлов райондук сотунун чечими менен 1 айга СИЗО-1ге камакта калтырылган.