Бишкекте диджейди атып өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды (сүрөт)
Бишкекте 1983-жылы туулган, өз чөйрөсүнө «DJ Casper» каймана аты менен таанылган жиджейди атып өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-мартта Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Свердлов РИИБ менен Бишкек ШИИБдин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектелип 1984-жылы туулган Л.В. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
"Шектүүнүн үйүн тинтүү учурунда ок атуучу куралдар жана ок-дарылар табылды: тиешелүү документтери жок ТОЗ-8 мылтыгы, тиешелүү документтери жок МС 2001-915179 мылтыгы, 4,5 калибрдеги пневматикалык тапанча, 9 миллиметр ПМ тапанчасынын 3 даана октору , 9 миллиметрдик патрондордун капкактары 3 даана жана 9 миллиметрдик 2 даана ок табылды",- деп айтылат маалыматта.
Учурда тергөө иштери уланып жатат.
Эске салсак, 24-февраль күнү Бишкектин Чыгыш-5 кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринен эркек кишинин жансыз денеси табылган. Кийинчерээк анын атып өлтүрүлгөнү маалымдалган эле. 26-февраль күнү маркумдун аты-жөнү такталып, өз чөйрөсүндө «DJ Casper» аттуу каймана ат менен белгилүү экени аныкталган. Ал музыкалык аппараттарды ижарага берүү менен ошондой эле маареке тойлордо диджей катары иштеп, эмгек кылчу.
https://serep.kg/wp-content/uploads/2021/03/1116952.f6725fb1e84010f93051d043f230028c.jpg" alt="" width="546" height="368" />
https://serep.kg/wp-content/uploads/2021/03/1116950.a04039183f172b57a503922afa3af466.jpg" alt="" width="790" height="444" />
https://serep.kg/wp-content/uploads/2021/03/1116949.43d4cc2e566adbda877754d71244149e.jpg" alt="" width="330" height="323" />
https://serep.kg/wp-content/uploads/2021/03/1116948.8e22d742513fa7eeee7254b419c0740a.jpg" alt="" width="777" height="277" />