Бишкекте кримтөбөл «Дөө Чыңгыз» кармалды

Бүгүн, 15-июль күнү Бишкекте «Дөө Чыңгыз» каймана аты менен таанымал кримтөбөл Чыңгыз Жумагулов кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан маалымдашты.

«Чыңгыз Жумагулов кылмыштуу топту уюштуруу, ошондой эле жеке ишкерлик менен алектенген адамдардан ири өлчөмдө акча талап кылуу фактылары боюнча материалдардын негизинде кармалды. Ал УКМКнын СИЗОсуна киргизилди», — деп жазылат маалыматта.

8-июль күнү “Дөө Чыңгыз” атыккан кримтөбөл Чыңгыз Жумагуловду кармоо аракеттери жүргүзүлүп, анын унаасы аткыланганы маалымдалган. Кийинчерээк УКМК үн катып, Жумагулов менен ок атышуу болбогондугун билдирген.