Бишкекте уурулукка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.
13-октябрда Свердлов РИИБге жаран кайрылып, белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү суранган. Анда 13-октябрга караган түнү Чүй проспектисинде жайгашкан дүкөндөрдүн бирине терезенин тосмосун бузуп кирип, жалпы суммасы 5 миллион сомду түзгөн 6 ноутбук, ар кандай түрдөгү 64 уюлдук телефондорду уурдап кетишкени айтылган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.
Кылмышка шектүү катары мурда бир нече жолу соттолгон 1976, 1996 жана 2002-жылы туулган шектүүлөр аныкталган. Козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө борбор калаадагы күрөөканалардан 5тен ашык уюлдук телефондор далил деп табылып, кылмыш ишине кошулган.
16-июнь күнү социалдык тармагында мониторинг жүргүзүү учурунда “zhanxo” өзүнүн инстаграм баракчасында адепсиз, оозго алгыс сөздөр менен коштолгон видео жарыялаганы аныкталган....
Ички иштер министрлигинин кызматкерлери жасалма чет өлкөлүк валютаны сатуу каналына бөгөт коюшту. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. Ички иштер министрлигинин ыкчам...