Бишкекте эки курбу тоноого шектелип жатат

Бишкекте тоноого шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти.

Жабырлануучунун айтымында, 26-сентябрда Армейская көчөсүндө ага бейтааныш аялдар барып, күч менен телефонун жулуп алганын айткан. Аталган окуя боюнча кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектелип, 1986 жана 1991-жылы туулган курбулар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда шектүүлөрдүн ушуга окшош кылмыш иштерге тиешеси жокпу аныкталып жатат.