Бишкекте эмерек жасоочу ишканаларга өндүрүш калдыктарын өрттөгөндүгү үчүн 99 миң 500 сом айып салынды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жана мэрия үй-жай, текстиль, өндүрүш жана медициналык калдыктарды өрттөгөндүгү үчүн айып пул каралгандыгын эскертет. Мыйзамда жеке жактар үчүн 7 500 сом, юридикалык жактар үчүн 23 000 сом айып пул каралган.