Бишкекте эркек киши көп кабаттуу имараттан секирүүгө аракет кылып жатат

Бишкекте эркек киши өз жанын кыюу үчүн көп кабаттуу жаңы салынып жаткан имараттан секирүүгө аракет кылууда. Бул тууралуу соцтармак колдонуучулары сүрөттөр менен бөлүшүп жатышат.

Маалыматты ӨКМден тастыкташты. Маалыматка караганда, куткаруучуларга Байтик баатыр жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан имараттын сегизинчи кабатына белгисиз адам чыгып кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын 5 кызматкери жөнөп кеткен. Толук маалымат кийин берилери убадаланды. Ал жерде укук коргоо органдары да иштеп жатат.