Бишкекте эркек киши лифтке кыпчылып калып, каза болду

Бишкектин «Улан-1» кичи районунда эркек киши каза болду. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал лифтке кыпчылып калган. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.

«38 жаштагы шаар тургуну лифтке коляскадагы баласы менен кирген. Анын эшигине кыпчылып калган учурда белгисиз себептерден улам лифт иштеп кеткен. Алган жаракаттарынан ал кырсык болгон жерден көз жумду. Бала жаракат алган эмес», — деп жазылат маалыматта.

Окуя орун алган жерге алты куткаруучу барган жана учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.