Бишкекте уурулукка шектүү кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.
24-февралда жаран белгисиз адамга чара көрүү арызы менен кайрылган. Анда 11-февраль күнү белгисиз адам Бейшеналиева менен Киев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан соода борборунун ичинен 93 миң сомду түзгөн товарын — аялдардын ич кийимин уурдап, андан соң белгисиз тарапка качып кеткенин билдирген. Аталган факты боюнча, Кылмыш-жаза кодексинин 205- беренесине (уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.
Кылмышка шектүү катары 1993-жылы туулган жаран аныкталып, кармалган жана Тергөө кызматына жеткирилди. Азыркы учурда анын ушул сыяктуу кылмыштарды жасоого катыштыгы бар экендиги такталууда. Тергөө иштери уланууда.
Чүйдө курал менен ок чыгарган, коомдук тартипти бузган шектүүлөр аныкталды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. 16-июнда социалдык тармактарда Hyundai Sonata...
16-июнь күнү социалдык тармагында мониторинг жүргүзүү учурунда “zhanxo” өзүнүн инстаграм баракчасында адепсиз, оозго алгыс сөздөр менен коштолгон видео жарыялаганы аныкталган....