Бишкекте иликтөөчү журналист Болот Темировдун соту башталып, ал жабык өттү

Бүгүн, 18-майда Бишкектин Свердлов райондук сотунда жасалма документ жасаган жана баңгизат сактаган деп айыпталып жаткан журналист Болот Темировго карата алгачкы соттук отурум башталды.

Соттук отурумга Акылбек Адимов төрагалык кылууда. Судья бардык катышкандарды сот залынан чыгып кетүүнү суранды, анткени бул анын каалоосу эмес, мыйзамдын талабы экенин айтты.

Жабык эшик артында өткөн алдын ала угуулардан кийин Болот Темиров тергөө органдарынын айрым “далилдерин” жокко чыгаруу өтүнүчү менен сотко кайрылышканын билдирди. Алардын арасында Темировдун кабинетинде тинтүү жүрүп, милиция анын чөнтөгүндө капысынан пайда болгон баңгизат бар. Ошондой эле Свердлов райондук соту жактоочусунун мыйзамсыз алынган айрым жол берилгис далилдерди иштен алып салуу өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартты.