Бишкекте Индиянын жаранына кол салып, аны карактоого шектүүлөр кармалды

Бишкекте Индиянын жаранына кол салуу болду. Аны тоноп кетишкен. Бул тууралуу борбор калаанын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жабырлануучу милицияга арыз жазып, 19-октябрь күнү саат 20:00дөр чамасында Москва көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде үч адам бычак менен коркутуп, андан 3 миң доллар, 7 миң сом, төрт телефонун: Айфон 10Х, РедМи Нот 8, РедМи Нот 9 алып кетишкенин билдирген. Мындан тышкары ноутбук, наушник, кол саат, куртка, футболка жана бут кийимдерин тартып алышкан. Арыз ээсинин колу-бутун байлап, качып кетишкен. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы аныкталууда. 

Аталган факты РИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 202-беренеси (каракчылык) боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Тартип сакчылары төрт шектүүнү кармашты. Ленин райондук соту үч адамды Бишкектеги СИЗО-1ге эки айга камакка алды. 17 жаштагы шектүүнү ата-энесинин көзөмөлүнө беришкен.