Бишкекте инспекторду сүйрөп кеткен таксист камакка алынды

Милициянын кайгуул кызматынын инспекторун капотуна сүйрөп кеткен таксист камакка алынды. Бул тууралуу Октябрь РИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Буга чейин күбөлөр бишкектик айдоочу инспекторду капотуна сүйрөп кеткен окуянын видеосун жөнөтүшкөн. Кызматкер жаракат алган эмес. Ал эми айдоочу Октябрь РИИБге жеткирилген. Маалым болгондой, айдоочуга Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголуп, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.