УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында «Айчүрөк» соода борборунун имаратында иш жүргүзгөн соода түйүндөрүнүн кызматкерлери телефон оңдоочу адистердин жардамы менен сыйымдуулугу 256 ГБ болгон жаңы телефондорду ачып, тиешелүү микросхемаларын которуп, мобилдик аппараттардын сыйымдуулугун жасалма ыкмалар аркылуу 1 ТБга көбөйтүшкөнү аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Андан соң телефондор кутучаларга салынып, жаңы жана ачыла электей көрүнүшкө ээ болуу үчүн, жергиликтүү шаардык басмаканаларда жасалган фабрикалык чыптамалар менен оролгон. Жасалган айфондор соода борборлордо жайгашкан башка дүкөндөрдө жогорулатылган баада сатыла баштаган.
«УКМК «Мостовой» соода түйүндөрүнөн iPhone уюлдук телефондорун сатып алган жарандарды iUnlocker сайты аркылуу жарыяланган заводдук мүнөздөмөсүнө шайкештигин текшерүүнү өтүнөт. Эгерде дал келбестиктер аныкталса же өз алдынча текшерүү мүмкүн болбосо, 0 995 300 871 телефон номуруна кайрылууга чакырабыз», — деп айтылат маалыматта.








