Бишкекте Ирандын жараны 500 миң долларлык баңгизатты сатууга шектелип кармалды (видео)

Милиция кызматкерлери тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө «метамфетамин» баңгизатын сатып жаткан чет мамлекеттин жараны кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

«Аталган баңги топтун баңгизат каражаттарды жеткирүү маршруту Ирандан башталып андан ары Ооганстан, Тажикстандан өтүп Кыргызстанга жеткирилген. Алынган «метамфетамин» баңгизаттын жалпы салмагы 10 килограммды түзгөн. Алынган каражаттын жашырын рыноктогу 1 граммдын баасы 4500 сомду түзөт. Алынган жалпы баңгизат каражаттын суммасы 45 миллион сомду, ал эми Улуттук банктын курсу боюнча 500 миң доллардан ашык акчаны түзөт. Бул факты боюнча Ирандын Урмия шаарынын тургуну кармалды»,- деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда козголгон сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ушул кылмышка тиешелүү жактарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары өткөрүлүп жатат.