Бишкекте өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.
8-июнда Свердлов РИИБге жаран арыз менен кайрылган. Арызында курулуш компаниялардын биринин жетекчисине чара көрүүнү өтүнгөн. Алынган маалыматтар боюнча, шектүү жабырлануучу менен мыйзамдуу делген үлүштүк курулуш келишимин түзүп, батир сатып өткөрүп берүү шылтоосу менен жабырлануучунун акча каражатарынын мыйзамсыз түрдө ээлеп алышкан. Келтирилген чыгымдын суммасы болжол менен 7,5 миллион сомду түзгөн.
Аталган факты боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине ылайык кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 1988-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынган.








