Бишкекте 31-августтан бери дайынсыз болуп жаткан Виктория Долотованын жансыз денеси табылды. Октябрь РИИБден окуя тууралуу маалымат беришти.
Маалыматка караганда, 4-ноябрда Бишкек ШИИБдин «102» кызматына чалуу түшкөн. Анда Ботаникалык бакта кыз жанын кыйганы айтылган. Жерине барган милиция 2003-жылы туулган кыздын жансыз денесин тапкан. Анын денесин кароо учурунда тактар байкалган эмес. Кыздын 31-октябрдан бери изделип жатканы маалым болгон. Анын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды.