Бишкекте жарактуулугу 2018-жылы эле өтүп кеткен кондитердик азыктар сакталган кампа табылды

Бишкекте жарактуулугу 2018-жылы эле өтүп кеткен кондитердик азыктар сакталган кампа табылды. 12-январда Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызмат Бишкекте эскирип кеткен таттуу азыктарды саткан дагы бир кампаны тапты. Бул тууралуу Финполдун маалымат кызматынан кабарлашты.

Аталган кампада жарактуулугу 2018-жылы эле өтүп кеткен кондитердик азыктар (конфет, печенье жана ар кандай таттуулар) сакталып, таңгактардан чыгарылган күндү оңдоо үчүн мөөрлөр жана жарактуулук мөөнөтү жок азыктар болгон. Укук коргоочулар кампаны бекитип салышканы белгилүү болду. Бул факты боюнча тергөө башталды. Финпол ишкерлерге кайрылып, талаптагыдай сапатка жооп бербей жатса, андан пайда көрбөй эле коюуга жана элдин ден соолугуна коркунуч келтирбөөгө чакырды.