Бишкекте пара берүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка караганда, Тергөө кызматынын тергөөчүсү кайрылган. Анда, А.С., аттуу жаран байкесине байланыштуу тергелип жаткан иш боюнча байкесинин жоопкерчилигин жеңилдетип берүүнү суранып, пара сунуштап жаткандыгын билдирген.
4-апрелде Биринчи Май РИИБдин жана Бишкек шаары боюнча Ички иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүшкөн, анын жүрүшүндө 1983-жылы туулган жаран Бишкек шаарынын Тергөө бөлүмүнүн иш бөлмөсүндө 41 миң сом акча берип жаткан жеринен кармалган.
Аталган факты боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 345 -беренесине (пара берүү) ылайык кылмыш иши козголгон. Тергөө иштери уланууда.