Бишкекте жаран токтоп турган унаасын таппай калган. Шектүү кармалды

Унаа уурдоого шектүү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

25-мартта саат 15:30 чамасында Бишкек шаарынын Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде токтоп турган Honda Odyssey үлгүсүндөгү унааны белгисиз адамдар айдап кеткен.

Бул факты боюнча Бишкек шаары жана Чүй облусунун аймагында “Тосмо” иш-мерчеми киргизилип, ыкчам издөө иш аракеттеринин натыйжасында Манас жана Ош аэропортун тейлөө боюнча атайын бөлүмүнүн кызматкерлери кылмыш изи сууй электе, кылмышка шектүү катары 1984-жылы туулган жаранды кармашып, Свердлов РИИБдин Тергөө кызматына өткөрүп беришкен. Азыркы учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.