Бишкекте уурулукка шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 5-декабрда жаран милицияга кайрылып, ошол эле күнү саат 14:10дон 15:10го чейин Чукотская көчөсүндө жайгашкан жеке турак жайлардын бирине кирип, 9 миң 800 доллар өлчөмүндөгү акча каражаттарын уурдап, белгисиз тарапка качып кетишкенин билдирген.
Аталган факты Ленин РИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү 1988-жылы туулган жаран кармалган.