Кечээ, 7-сентябрда социалдык тармактарда Токтоналиев көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринин короосунда белгисиз жарандар эркек кишини канжалатып сабап жаткан видео тараган. Бул боюнча Октябрь РИИБден маалымат беришти.
Аталган факты боюнча Октябрь РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине (Бейбаштык) ылайык кылмыш иши козголуп, жабырланычууга соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Октябрь РИИБдин тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1985 жана 1988-жылы туулган жарандар аныкталып, кармалган. Тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Мындан тышкары, 1989-жылы туулган жаранга Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренесине (Майда бейбаштык) ылайык протокол түзүлдү. Тергөө уланууда.












Жёстко эле чара коруу керек,башкаларга да сабак Болсун.