Милициянын кайгуул кызматкерлери Бишкекте жаранды өлтүрө сүзүп, качып кетүүгө шектелген жаранды кармашты. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Маалыматка караганда, 10-октябрда Кустанай жолу менен бара жатып, 177-үйдүн маңдайында 40-45 жаштар чамасындагы кишини сүзүп кеткен. Жабырлануучу алган жаракатынан ооруканада көз жумган. Кылмышка шектелип, Мерседес Бенц Вито унаасынын айдоочусу кармалып, камакка алынган. Тергөө уланууда.











