Бишкекте уюшкан кылмыштуу топ түзгөн жана каракчылыкка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.
Октябрь РИИБге 1996-жылы туулган жаран арыз менен кайрылган. Анда 14-январь күнү саат 07:00дө Бишкек шаарынын Тунгуч кичи районунун аймагындагы ээн-талаадан белгисиз адамдар тарабынан денесине залал келтирилип, ал учурду видеого тартып алышканын билдирген. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси (уюшкан топ түзүү жана ага катышуу), 207-берене (каракчылык) жана 280-берене (бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 2003-жылы туулган Б.М., 2004-жылы туулган Ж.А., 2004-жылы туулган О.Н. аныкталып, кармалды. Учурда бардык экспертизалар дайындалып, кылмыштын башка жабырлануучуларын жана уюштуруучуларын аныктоо боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.
Октябрь РИИБге жаран кайрылып, 10-июнда саат 20:00 чамасында 2019-жылы туулган кызы менен Куйручук көчөсүндө жайгашкан көп кабатуу үйдүн жер төлөсүндө...
13-июнь күнү саат 21:30 чамасында Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө Ак-Башат айылындагы Кучкач-Ата көчөсүндө жол кырсыгы болгондугу тууралуу...