Бишкекте өткөн жылдын 21-декабрында ишкердик жасап, көбөйтүп берем деп баасы 27 миң доллар турган Лексус жана 15 миң 500 доллар турган Hyundai Sonata үлгүсүндөгү унааларын алып, качып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, 13-февралда Биринчи май РИИБге арыз түшкөн. Аталган факты боюнча «алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголуп, 1991-жылы туулган жаран кармалган. Шектүү Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Азыркы учурда анын башка кылмыш фактыларын жасоого катыштыгы аныкталууда.