Бишкекте жаранга көчөдө кол салып, 250 миң сомун карактаган шектүү кармалды. Бул тууралуу ШИИББден билдиришти.
«2024-жылдын 28-ноябрь кунү Биринчи май РИИБге жаран арыз менен кайрылган. Арызында, ошол күнү болжол менен кечки саат 22:00 чамасында Ала-Арча көчөсү менен Жибек-Жолу проспектисинин кесилишинде белгисиз адам күч колдонуп, 250 000 сомдон ашык акча каражатын алып, изин жашырып кеткен», — деп жазылат маалыматта.
Аталган факты боюнч кылмыш иши козголуп, мурда соттолгон, 36 жаштагы шектүү кармалган. Учурда шектүүнүн башка ушул сыяктуу кылмыш фактыларына тиешеси бар экендигин аныктоо жүрүп жатат. Тергөө иштери улантылууда.
Посмотреть эту публикацию в Instagram