Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери тарабынан унааны мас абалында башкарган айдоочу токтотулган. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Текшерүү учурунда айдоочунун айдоочулук күбөлүгү жасалма экени аныкталган. Айдоочу бул күбөлүктү кайсы жерде жана кандай шартта алганын эстей алган эмес.
Бул факты боюнча айдоочуга карата укук бузуулар жөнүндө протокол түзүлдү. Унаа айып короого коюлуп, айдоочунун өзү Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБине тиешелүү чараларды көрүү үчүн жеткирилген.












