Бишкек шаарында жасалма номур тагып алып жүргөн Honda CR-V унаасы кармалды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
«Жумабек менен Сүйүнбаев көчөлөрүнүн кесилишинен жол эрежесин бузган Honda CR-V үлгүсүндөгү унааны патрулдук милициянын кызматкерлери токтотушкан. Анда айдоочунун документтерин текшерүү учурунда мамлекеттик номуру башка Toyota Highlander үлгүсүндөгү автоунаага тиешелүү экендиги аныкталган», — деп билдиришти кайгуул кызматынан.
Учурда бул факты боюнча кармалган унаа убактылуу токтотуучу короо жайга токтотулуп, ал эми 1982-жылы туулган О.Э. аттуу айдоочусу Свердлов райондук ИИБинин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.