Бишкекте сүрөттү арзандатуудан баш тарткан кыз сабалды. Ошол эле учурда милиция эч кандай чара көрбөй жатат. Бул тууралуу Kaktus.media сайты кыздын жакындарына шилтеме берүү менен жазып чыкты.
Маалыматка караганда, 19 жаштагы Марина Байышбекова «Royal» ресторанында фотограф болуп иштейт. 25-сентябрда ресторандын конокторунун бири ага келип, сүрөттөрдү арзандатууну суранган. Ал баш тарткан. Эркектин ачуусу келип, кызды тилдей баштаган. «Ресторандын кызматкерлери нааразы болгон кардарды тынчтандырууга аракет кылып, аны алып кетишкен. Бирок эркек киши сахнага чуркап чыгып, буту менен кыздын үстүнө секирген, анын буту кыздын башына тийген. Марина соккудан кулап түшкөн»,- деп айтылат маалыматта.
Окуя болгон жерге Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери барып, эмнегедир кылмыш ишин козгобой, аны жосунсуз жорук катары өткөрүп жиберишкен, башкача айтканда, кол салган жаран айып пул менен кутулуп кетиши мүмкүн. Ишти РИИБдин тергөөчүсү Адилет Мыкыбаев жүргүзүүдө.
Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын башчысы Султан Макилов Бишкектин Ак-Ордо 3 конушундагы үйдө эки адамды өлтүрүүгө шектүү кармалганын билдирди....
Жайыл районунун аймагында ден соолукка оор залал келтирүү фактысы боюнча шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. 6-сентябрь күнү...
Ушул жылдын 3-октябрына караган түнү Бишкек шаарынын Ленин районунун Ак-Ордо жаңы конушунда жайгашкан үйдүн биринде 2 адам өлтүрүлгөн. Милиция кылмышка...
Буга чейин ИИМ маалымат таратып, Бишкекте эки адам өлтүрүүгө шектүү изделип жатканын билдиришти. Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда, каза болгондор...