22-мартта милицияга Ак-Ордо конушунда белгисиз адам мамлекеттик тууга таштанды ороп, таштап кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.
Текшерүүнүн жүрүшүндө 1982-жылы туулган жаран такталып, ал Ленин райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилген. Териштирүүнүн жүрүшүндө, бул жарандын психикалык көйгөйлөрү бар экендиги аныкталган. Бул тууралуу тиешелүү медициналык документтерди анын атасы, 1962-жылы туулган жаран тастыктаган.
Укук Бузуулар жөнүндө кодексинин 450-беренесине (Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдорун мазактоо) ылайык мыйзамдуу өкүлүнө карата протокол түзүлүп, 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып салынды.
Тышкы иштер министрлиги 1966-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны Америка Кошмо Штаттарынын аймагында каза болгонун билдирди. 27-апрелде Америка Кошмо Штаттарында унаалардын...
Социалдык тармактарда Байтик Баатыр көчөсүнүн боюндагы унаанын үстүнө чыгып, секирип жаткан жарандын видеосу тараган. Октябрь РИИБ маалымат берип, жарандын изделип...
Кечээ, 6-майда Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин жана Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери 3-майда Геленджик шаардык...
Социалдык тармактарда «Манас» аэропортуна бара жаткан жолдо катталган жол кырсыктын видеосу тарады. Видеодон унаанын жолдун четине чыгып, оодарылып калганын көрүүгө...