Бүгүн, 26-ноябрда Бишкектеги Барпы Алыкулов жана Жайыл Батыр көчөлөрүнүн кесилишинде (ЖЭБ-2 району) чыгыштан батышты көздөй катуу ылдамдыкта келе жаткан Мерседес Бенц жеңил унаасы №23 муниципалдык автобус менен сүзүшкөн. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
«8 адам жабыркады. Алардын 5и автобустун жүргүнчүлөрү, 3 адам жеңил унаада болгон. Алар ооруканага жеткирилди. Окуя болгон жерде Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын ЖККБ кызматкерлери иштеп жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча, унаанын айдоочусу жол эрежесин бузган», — деп айтылат маалыматта.
Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын башчысы Султан Макилов Бишкектин Ак-Ордо 3 конушундагы үйдө эки адамды өлтүрүүгө шектүү кармалганын билдирди....
Жайыл районунун аймагында ден соолукка оор залал келтирүү фактысы боюнча шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. 6-сентябрь күнү...
Ушул жылдын 3-октябрына караган түнү Бишкек шаарынын Ленин районунун Ак-Ордо жаңы конушунда жайгашкан үйдүн биринде 2 адам өлтүрүлгөн. Милиция кылмышка...
Буга чейин ИИМ маалымат таратып, Бишкекте эки адам өлтүрүүгө шектүү изделип жатканын билдиришти. Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда, каза болгондор...