Бишкекте жеңил унаа оодарылып калды. Жабыркагандар жок

Бишкекте жеңил унаа оодарылып калды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Кырсык бүгүн, 10-февралда саат 14:40 чамасында катталган. Анда 1990-жылы туулган айдоочу Subaru Impreza үлгүсүндөгү унаа менен Жибек-Жолу көчөсүнөн чыгышты көздөй бара жатып, Пархоменко көчөсүнө жетпей унааны башкара албай, жол жээгиндеги бетонду сүзүп, оодарылып кеткен. Жол кырсыгынан жаракат алгандар жок. Азыркы учурда унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулуп, жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда.