Кечээ, 20-сентябрда саат 17:50 чамасында Бишкек шаарынын ИИББнин «102» кызматына курулуш техникасынын айдоочусу автоунаага сүзгүчү менен урунганы тууралуу маалымат түшкөн. Бул факты Бишкек шаарынын Свердлов райондук ИИБсинин КЖБРине катталды.
Дароо Свердлов райондук ИИБсинин тергөө-оперативдик тобу окуя болгон жерге жөнөп, ал жерден экскаватор айдоочусу Бишкек шаарындагы Калинин жана Мичурин көчөлөрүнүн кесилишинде жолду тоскон жеңил унаага сүзгүчү менен урунганын аныкташты. Окуянын кесепетинен жарандар жабыркаган эмес, жеңил унаага зыян келтирилген.
Учурда курулуш техникасын айдаган жаран А.У., 1997-жылы туулган жана жеңил автоунаанын айдоочусу Ю.Ю. Свердлов райондук ИИБсинин Тергөө кызматына жеткирилген. Жеңил унаанын айдоочусу арыз жазуудан баш тартты.
Кылдат текшерүүнүн жыйынтыгында бул факты боюнча материал Свердлов райондук ИИБсинин Коомдук коопсуздук кызматына өткөрүлүп берилди. Анын негизинде жаран А.Уга Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренесине (Майда бейбаштык) ылайык протокол түзүлүп, Свердлов райондук ИИБсинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ушуга байланыштуу Свердлов райондук ИИБси айдоочуларга кайрылып, жолдогу бардык талаш-тартыштарды мыйзамдуу жол менен чечүү зарылдыгын, агрессияга жана башка бирөөнүн мүлкүнө зыян келтирүүгө жол бербөөнү эскертет.











