Милиция кызматкерлери тарабынан тоноого шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.
11-апрелде Ленин РИИБге жаран арыз менен кайрылып, чала тааныш 2 жаранга чара көрүүнү суранган.
Анын айтымында, 10-апрель күнү саат 23:00-14:00 чейин бул адамдар аны Чортеков көчөсүндө жайгашкан авто тейлөө жайларынын биринде кармап, ден соолугуна зыянын тийгизүү менен коркутуп, 23 миң сом өлчөмүндөгү акчасын которууга мажбурлашкан. Андан соң белгисиз тарапка качып кетишкен.
Аталган факты боюнча Тергөө кызматы тарабынан тоноо беренеси менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү делип, 1999 жана 1998-жылы туулган жарандар кармалып, камакка алынган. Учурда тергөө иштери уланууда.
Посмотреть эту публикацию в Instagram