Бишкекте жигиттер ээсин бычак менен коркутушуп, Гелендваген унаасын айдап кетишкен (видео)

Бишкекте күч менен унаа тартып алууга шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 4-августта Бишкек ШИИБдин «102» кызматына күч менен унаасын тартып алганын айткан жаран кайрылган. Жерине барган милиция болжол менен саат 14:30 чамасында белгисиз жарандар ээсин бычак менен коркутуп, май куюучу жайда турган Mercedes Gelandewagen унаасын айдап кетишкени аныкталган.

Аталган факты Октябрь РИИБге каттоого алынып, кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип, 1995-жылы туулган эки жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ошондой эле уурдалган унаа табылган. Учурда кылмыш ишке тиешеси бар адамдар аныкталып жатат.