Социалдык тармактарда жигитти белгисиз адамдар аёосуз сабап жаткан видео тараган. Ал факты боюнча, ички иштер органдарына 1996-жылы туулган жаран арыз менен кайрылып, Кылмыш-жаза кодексинин 261 (уюшкан топ түзүү жана ага катышуу), 207 (каракчылык) жана 280 ( бейбаштык) беренелери менен кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 2003, 2004-жылы туулган 3 шектүү кармалып, Бишкек шаарынын №1 Тергөө абагына 2 айга камакка алынган.
20-январь күнү, милиция кызматкерлерине 2007-жылы туулган жаран үстүбүздөгү жылдын 5-январь күнү кечки саат 21:00 чамасында Тунгуч кичи районунан белгисиз топ адамдар тарабынан денесине залал келтирилип, Айфон 14 үлгүсүндөгү уюлдук телефонун күч колдонуп ээлеп алышканын билдирген.
Ушул эле шектүүлөрдүн бул жаңы фактыга тийиштиги бар экендиги толугу менен тастыкталып, кошумча кылмыш жоопкерчилигине жогоруда көрсөтүлгөн беренелер менен тартылышкан.