Бишкекте жол кырсыгы катталып, 5 адам жабыркады

Бүгүн, 6-майда саат 13:50 чамасында Лев Толстой көчөсүндө жол кырсыгы катталды. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Милициянын кайгуул кызматынан тастыкташты.

БМВ үлгүсүндөгү унаа чыгышты көздөй бара жатып, батышты көздөй бара жаткан Тойота үлгүсүндөгү унааны сүзгөн. БМВнын айдоочусу рулду башкара албай, каршы тилкеге чыгып кеткен.

Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда, 5 киши жабыркаган. Баары Тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилди.